Бир Lexus баасындай. Кайсы жаныбарды атса канча айып пул салынат

© AFP / STEFAN HEUNISОхота в Костере.
Охота в Костере. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги республика аймагында Кызыл китепке киргизилген жана киргизилбеген жаныбарлар менен канаттууларды жок кылган учурда жеке тараптарга канча айып пул каралганы тууралуу билип көрдү.

Алабай 20 миң долларга сатылган. Бишкекте ит уруштан кантип акча табышат? - Sputnik Кыргызстан
Алабай 20 миң долларга сатылган. Бишкекте ит уруштан кантип акча табышат?
Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин маалыматы боюнча 2013-2017-жылдары жан-жаныбарларга келтирилген зыян үчүн 2022 протокол түзүлгөн, анын 1940ына айып пул салынып, 16 миллион 832,4 миң сом чегерилген.

Өкмөттүн №224 токтомуна ылайык, ар бир жаныбарга жана канаттууга өзүнчө айып пул каралган. Ал сумма кайсы бир жаныбардын жашына, көлөмүнө же салмагына карап өзгөрбөйт. Маселен, илбирстин чоңу менен кичинесине бирдей баа иштелип чыккан.

Кызыл китепке киргизилгендер

Сүт эмүүчүлөр (сом менен)

  • Илбирс — 1 500 000;
  • Кулжа (аркар), күрөң аюу, бугу (марал), жейрен — 1 000 000;
  • Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн — 50 000;
  • Суусар, чаар күсөн — 10 000;
  • Мензбир сууру — 20 000;
  • Бранддын кирписи, узун ийнелүү кирпи — 6 000;
  • Суу чычкан, жарганаттар, кичине кош аяк, секиргич кош аяк — 3 000;

Канаттуулар (сом менен)

  • Жылкычы чулдук — 6 000;
  • Ак кунас — 30 000;
  • Кара кунас — 30 000;
  • Ителги — 250 000;
  • Кидик кара каз — 5 000;
  • Бүркүт (бардык түрү) — 100 000;
  • Көк жору — 100 000;
  • Кумай — 100 000;
  • Таз кара — 100 000:
  • Тоодак — 200 000;
  • Жорго тоодак — 200 000;
  • Ак канат тоңкулдак — 3 000;
  • Чоң чаар тоңкулдак — 3 000;
  • Каркыра — 15 000;
  • Шумкар — 250 000;
  • Куркулдак ак куу — 25 000;
  • Боздон кулаалы — 100 000;
  • Коркоо шакылдак — 100 000;
  • Кидик бүркүт — 100 000;
  • Кара куш — 100 000;
  • Тармал бир казан — 50 000;
  • Кызгылт бир казан — 50 000;
  • Боздон күйкө — 20 000;
  • Бүлдүрүк — 20 000;
  • Ак баштуу өрдөк — 20 000;
  • Ылаачын — 250 000;
  • Орок тумшук чулдук — 25 000;
  • Ак кажыр — 100 000;
  • Шахин — 250 000;
  • Балыкчы куш — 100 000;
  • Тарпчы — 100 000;
  • Безбелдек — 200 000;
  • Кара кур — 25 000;
  • Кара канаттуу ача чулдук — 3 000;
  • Чыбый кыргый — 100 000;
  • Үкү — 30 000;
  • Фламинго — 70 000;
  • Каткырыкчы чардак — 3 000;
  • Ак каз чумкуч өрдөк — 6 000.

Амфибиялар жана сойлоочулар

  • Боз эчки эмээр — 25 000.

Кызыл китепке киргизилбегендер

  • Доңуз — 50 000;
  • Теке — 100 000;
  • Элик — 50 000;
  • Сайгак — 100 000;
  • Корсак же кичине түлкү, түлкү, кашкулак (европа кашкулагы жана Тянь-Шань кашкулагы) — 6 000;
  • Суугунду, солонгой — 6 000;
  • Ондатра, суурлар — 3 000;
  • Ач күсөн, чоң арс чычкан, арс чычкан, тыйын чычкан, коён, чоң кош аяк жана барак бут кош аяк — 5 000;
  • Көгүчкөндөр, бактектер, чулдуктар, суу канаттуусу, бөдөнө — 1 500;
  • Каз — 6 000;
  • Чил — 2 000;
  • Үкүлөр, жырткыч канаттуулар — 10 000;
  • Улар — 6 000;
  • Өрдөктүн бардык түрлөрү, кашкалдак — 1 500;
  • Кыргоол — 5 000;
  • Кытандар, кол букасы — 3 000.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги акыркы жылдары канча карышкыр жана чөө атылып, канча киши сыйлык алганын жана мал чарбачылыгына келтирилген чыгымдын көлөмү тууралуу сураштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0