08:44 21 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8310
  • EUR79.8168
  • RUB1.0647
Эркиндик бульвары. Архив

Бир жумага аба ырайы. Кар жаап, эки облуста катуу шамал жүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
327110

Келерки апта ичинде Кыргызстанда күндүн эң жогорку температурасы 14 градуска жете турганы маалым болду.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Келе жаткан апта ичинде Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүлмөлүү болот. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.

5-ноябрь

5-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан жаабайт.

Чүйдө түнкүсүн абанын температурасы 0…-5, күндүзү +6…+11ге жетет.

Талас дубанында түнкүсүн —1…-6, күндүзү 5…10 градус жылуу болот.

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүзү + 6… +11 градуска жакындайт.

Ош, Жалал-Абадда түнү 0…-5, күндүз +5…+10 градус жылыйт.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн —4…-9, күндүз +4… +9 градуска жетет.

Нарын облусунда термометр түнү —7…-12, күндүзү +3… +8 градусту көрсөтөөрү айтылды.

6-нобярь

Чүйдө түнкүсүн —4…+1, күндүзү +8…+13кө жетет.

Талас дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүзү +6…+11 градус жылуу болот.

Баткенде түнкүсүн —3…+2, күндүзү +9… +14кө жакындайт.

Ош, Жалал-Абадда түнү —3…+2, күндүзү +9… +14 градус жылыйт.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн —5…-10, күндүз 4…9 градуска жетет.

Нарын облусунда термометр түнү —7…-12, күндүзү +3… +8 градусту көрсөтөрү айтылды.

7-ноябрь

Бул күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүйдө түнкүсүн —2…+3, күндүзү 3…8ге жетет.

Талас дубанында түнкүсүн —3…+2, күндүзү 1…6 градус жылуу болот.

Баткенде түнкүсүн 0…5, күндүзү +4…+9га жакындайт.

Ош, Жалал-Абадда түнү —3…+2, күндүзү 0…+5 градус болот.

Ысык-Көл аймагында термометр түнкүсү —2…-7, күндүз +1…+6 градусту көрсөтөт.

Нарын облусунда түнү —4…-9, күндүзү +1…+6 градус болот.

8-ноябрь

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгалак болот.

Чүйдө түнкүсүн —3…+2, күндүзү +5…+10 го жетет.

Талас дубанында түнкүсүн —3…+2, күндүзү 3…8 градус жылуу болот.

Баткенде түнкүсүн 0…5, күндүзү +4…+9га жакындайт.

Ош, Жалал-Абадда түнү 0…5, күндүзү +3… +8 градус болот.

Ысык-Көл аймагында термометр түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7 градусту көрсөтөт.

Нарын облусунда түнү —3…-8, күндүзү —1…+4 градус болот.

9-ноябрь

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүзү 6…11ге жетет.

Талас дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүзү 6…11 градус жылуу болот.

Баткенде түнкүсүн —3…+2, күндүзү +6… +11ге жакындайт.

Ош, Жалал-Абадда түнү —3…+2, күндүзү +5… +10 градус болот.

Ысык-Көл аймагында түнкүсү —2…-7, күндүз +3… +8 градуска жетет.

Нарын облусунда термометр түнү —5…-10, күндүзү +2…+7 градусту көрсөтөрү айтылды.

Метеорологдор 10-ноябрда жаан-чачын күтүлөрүн, ал эми 11-ноябрда кээ бир райондордо жаан-чачын болушу мүмкүндүгүн айтты.

Бишкек шаарында 5-ноябрда +8… +10, 6-ноябрда +10… +12, ал эми 7-ноябрда +4… +6 градус болот.

Ош калаасында 5-ноябрда +6… +8, 6-ноябрда +9… +11, ал эми 7-ноябрда +5… +7 градус жылуу болору божомолдонду.

Белгилер:
жамгыр, шамал, аба ырайы, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ