Кыргызстанда кайсы айда балдар көбүрөөк төрөлөт. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековЫмыркай кармап турган аял. Архив
Ымыркай кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылы өлкөдө 154 миң ымыркай жарык дүйнөгө келген.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстанда июль айында ымыркайлар көп төрөлөт. Бул туурасында Улуттук статистика комитети маалымдады.

Билдирмеге караганда, 2017-жылы өлкөдө 154 миң ымыркай жарык дүйнөгө келген.

Айлар боюнча эсептей келгенде июль айында балдар көбүрөөк төрөлөрү белгилүү болду. Бул айда 14 537 ата-эне перзенттүү болгон.

Ал эми февраль айында төрөлгөн балдардын саны 11 миңге да жеткен эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0