Дем алышка карата аба ырайы. Катуу шамал болот

© AFP / YURI KADOBNOVКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү күн кескин сууктайт.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ишембиде, 6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Ал эми жекшембиде, 7-октябрда, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин абасын эмне булгайт? Экотехинспекциянын жообу
6-октябрда Чүй облусунда түндө 8…13 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 24…29 градуска чейин көтөрүлөт. Таласта түндө 3…8, күндүз 23…28 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 9…14 градус жылуу болсо, күндүз 25…30 градуска дейре ысыйт. Ысык-Көл менен Нарында түндө 2…10, күндүз 18…23 градус жылыйт.

Ал эми 7-октябрда, жекшембиде, Чүй менен Таласта түнкүсүн 4…13 градус жылуу болсо, күндүз 15…20 градуска чейин жогорулайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 10…15 градус, күндүз 18…23 градус жылуу болот. Ысык-Көл менен Нарын облусунда түндө 3…8 градус болсо, күндүз 13…18 градус жылыйт.

Бишкек шаарында 6-октябрда күндүз 26…28 градус ысык болсо, 7-октябрда абанын температурасы төмөндөп 17…19 градус жылуу болот. Ош шаарында ишемби күнү күндүз 27…29 градуска чейин көтөрүлүп, жекшемби күнү 20…22 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0