Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКол чатырлар. Архив
Кол чатырлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү республиканын айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +21…+26 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +20…+25 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +26…+28, ордолуу Ош шаарында +28…+30 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0