Кыргызстанда аба ырайы бузулат

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Өлкөдө жаан чачын болуп, абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу шашылыш билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жумага карата аба ырайы. Жамгыр жаайт, ысыктын күчү 34 градуска жетет
21-августтун түнүндө жана 22-август күнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен нөшөрлөгөн жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланышы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Ошондой эле бул күндөрү абанын табы төмөндөйт.

ӨКМ өзгөрүлмөлүү мындай аба ырайы автоунаа менен ары-бери каттамды, жайлоодо малды кармоону кыйындатарын айтты. Энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши да татаалдай турганын кошумчады.

Жаңылыктар түрмөгү
0