Кыргызстандыктар Беларуссияда өтө турган снайперлер мелдешине катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековСовместная тренировка спецназа государств ШОС
Совместная тренировка спецназа государств ШОС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таймаш 29-июлдан 12-августка чейин 18 өлкөнүн аскерлеринин арасында өтөт.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандык аскерлер Беларуссияда өтө турган снайперлер мелдешине катышат. Бул тууралуу КР куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Таймаш 29-июлдан 12-августка чейин 18 өлкөнүн аскерлеринин арасында болмокчу.

"Кыргызстандын атынан кургактагы аскерлерден турган команда катышат. Курамына башчы, машыктыруучу, эки негизги жана бир запастагы снайпер кирет", — деп айтылат билдирүүдө.

Сынактын негизги максаты — көзгө атарлардын согуш талаасындагы чеберчилигин сыноо. Катышуучулар жуп жана жалгыз болуп күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0