БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандык аскерлер Беларуссияда өтө турган снайперлер мелдешине катышат. Бул тууралуу КР куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Таймаш 29-июлдан 12-августка чейин 18 өлкөнүн аскерлеринин арасында болмокчу.
"Кыргызстандын атынан кургактагы аскерлерден турган команда катышат. Курамына башчы, машыктыруучу, эки негизги жана бир запастагы снайпер кирет", — деп айтылат билдирүүдө.
Сынактын негизги максаты — көзгө атарлардын согуш талаасындагы чеберчилигин сыноо. Катышуучулар жуп жана жалгыз болуп күч сынашат.