Ысык-Көлгө түшкөн чагылган алтымышка жакын мал-жандыктын башын алды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чагылган мал камалып турган короого түшкөн.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Суран жайлоосунда 17-июлда кечки саат 20:00дөр чамасында С.Т. аттуу жарандын короосуна чагылган түшүп, камалып турган 44 кой жана 12 баш эчки өлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Церемония бракосочетания в Индии - Sputnik Кыргызстан
Индияда чагылгандан корккон кишини колуктусу нике кыйылып жатканда таштап кетти
Окуя болгон жерге ӨКМдин райондук бөлүм башчысы, Түп районунун акиминин орун басары, айылдык ветеринардык кызматынан бир адам, райондук жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматынан эки адам жана жергиликтүү 20 адам барган.

18-июлда өлгөн мал Жарандык коргонуу комисиясынын катышуусунда айылдан алты чакырым алыстыктагы мал көмүлүүчү жайга белгиленген тартипте көмүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0