14:06 25 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.1133
  • EUR81.3325
  • RUB1.0446
Ымыркай. Архивдик сүрөт

Төрт айда калктын саны канчага көбөйдү? Ымыркай көп төрөлгөн аймактар

© Sputnik / Илья Питалев
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
170440

2018-жылдын төрт айында өлкөдө 54 миңден ашык бала жарыкка келген. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кайсы аймакта ымыркай көп төрөлүп жаткандыгын тактап көрдү.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, өткөн жылдын январь айынан майына чейин республика боюнча 46 098 ымыркай төрөлгөн. Ал эми 2018-жылдын төрт айында 54 606 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8508 балага көп экенин айгинелейт.

Төрөттөр арбын болгон аймактардын сап башында Ош облусу турат. Нарын менен Талас өрөөнү болсо тизменин соңунда.

Ошондой эле жыл башынан бери 725 чүрпө жарыкка келгенден кийин чарчап калган.

Кошумчалай кетсек, республикадагы калктын саны 2018-жылдын январь-май айларынын аралыгында 0,7 пайызга көбөйүп, 6 миллион 299 миң адамды түздү.

Тема боюнча

Жыл жаңырары менен жарыкка келген эгиздер. Кыргызстанда канча ымыркай төрөлдү
Башыбыз көбөйүүдө! Калкынын саны тез өскөн Кыргызстандын аймактары
Кыргызстанда эки жылдан кийин элдин так саны белгилүү болот
Белгилер:
төрөт, демография, ымыркай, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ