Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, жолдор тоңгок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 3…8, Талас, Ысык-Көлдө 1…6 градус жылуу болсо, Нарында —3…-8 градус суук болот.

Борбор калаа менен Ошто жаан чачын болбойт. Абанын температурасы 5…7 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0