Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчө тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкери. Архив
Көчө тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. 8-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй өрөөнүндө 12…17, Ош, Жалал-Абад, Баткенде абанын температурасы 14…19 градуска чейин жылыйт.

Ош шаарында күндүн табы 15…17 градуска чейин көтөрүлсө, Бишкекте 14…16 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0