2018-жылы эс ала турган күндөр белгилүү болду

Жазылуу
Келе жаткан жыл ичинде 13 майрам күн болот.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2018-жылга карата эс алуу күндөрүн аныктады.

Ага ылайык, майрам күндөрү болуп 13 дата эсептелет. Алар:

  • 1-январь — Жаңы жыл;
  • 23-февраль — Ата-Журтту коргоонун күнү;
  • 8-март — Аялдардын эл аралык күнү;
  • 21-март — Элдик Нооруз майрамы;
  • 7-апрель — Элдик Апрель революциясы күнү;
  • 1-май — Эмгек майрамы;
  • 5-май — КР Конституциясынын күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү;
  • 31-август — КР Көз карандысыздыгынын күнү;
  • 7-ноябрь — Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү.

Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күн сууктап баратат... Ноябрь айына карата аба ырайы
Ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт" мусулман майрамдары жана 7-январь Ыйса пайгамбардын туулган күнү (рождество) майрам күндөрү болуп саналат.

Эгер майрам дем алышка туш келип калса, анын эртеси эс алуу күнү болуп саналат.

2018-жылы кыргызстандыктар дем алыш жана майрам күндөрүн кошкондо жалпысынан 177 күн эс алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0