Шашылыш билдирүү: аба ырайы кескин өзгөрөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатырчан адамдын архивдик сүрөтү
Кол чатырчан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 23-24-сентябрда күн салкындайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы күтүлөт.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулов: бензин кымбаттады, дизель майы менен газдын баасы да жогорулайт
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Дем алыш күндөрдөгү үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиш, картошка жана кант кызылчасы үчүн кооптуу.

Ал эми шаршемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын орточо температурасы 25…30 градус жылуу болот.

Борбор калаа менен Ош шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы 27…29 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0