Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековШамалдан кулаган бутактар. Архив
Шамалдан кулаган бутактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкө аймагында маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 27…32, Ысык-Көл, Нарында 20…25 градус жылуу болот.

Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, 30 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0