БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкө аймагында маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөнүндө 23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 27…32, Ысык-Көл, Нарында 20…25 градус жылуу болот.
Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, 30 градуска чейин жылыйт.