Шейшембиге карата аба ырайы

© Фото / Геннадий ЗакировТоодогу арык. Архив
Тоодогу арык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө 26…31 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 29…34 градус, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 22…27 градус ысык болот.

Борбор калаа менен Ош шаарында күн ачык болуп, күндүн табы 33 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0