Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь и быт в Нарынской области
Жизнь и быт в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. 5-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Жара в Москве - Sputnik Кыргызстан
Алдыда акактаткан күндөр: ысыктан сактануунун жолдорун адистер айтып берди
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө күндүз 35 градуска чейин ысык болот. Ушундай эле аба ырайы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында дагы сакталат.

Ысык-Көлдө 29 градус ысык болсо, Нарында күндүн табы 30 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0