Июль айында аба ырайы кандай болору айтылды

Жазылуу
Синоптиктер бул айда жаан-чачын өз нормасында болорун белгилешти.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жайдын капортосу ысык болот. Июлда күндүз абанын температурасы 30 градустан жогору болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызгидромет билдирди.

Последствия сильного ветра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мэрия аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам элди сак болууга чакырды
Алайдан башка аймактарда жаан-чачын өз нормасында болору күтүлүп жатканы айтылды.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө күндүн табы 38 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн 19 градуска чейин жылуу болот. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында 38 градус ысык болсо, түнкүсүн  да табы кайтпай 21 градус болору божомолдонуп жатат. Ысык-Көлдө күндүз +30, ал эми түнкүсүн +11 градус жылуу болот. Нарында күндүз абанын температурасы 30 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн жылуулук 12 градуска жакындап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0