Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-май. — Sputnik. Бейшембиде өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

"Ош менен Бишкекте 21-25 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош менен Жалал-Абадда кайрадан жер титиреди
Тоолуу аймактарда жолдор тайгак жана тоңголок болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23 градус, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында 13…18 градус, тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болсо, бийик тоолуу райондордо 0…-5 градус суук болору божомолдонуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0