Кыргызстан армиясынын дүйнөдөгү кадыр-баркы кандай экени аныкталды

Жазылуу
Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстан бир тепкичке жогорулаган.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандын армиясы жыл сайын чыгуучу куралдуу күчтөрдүн Global Firepower рейтингинде 109-орунга татыды.

Бишкекте атайын кызмат террорчуларды жок кылды. ТЭЦтеги машыгуу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте атайын кызмат террорчуларды "жок кылды". ТЭЦтеги машыгуу
Жалпысынан тизмеге 127 өлкө кирген. Рейтингдин көч башында АКШ, Россия жана Кытай турат. Ал эми Кыргызстан Мозамбик менен Эстониянын ортосунда. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан 48-орунда, Казакстан 53-орунда жана Тажикстан 112-орунда турат. Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстан өз көрсөткүчүн бир тепкичке жакшырткан.

Global Firepower индекси болжол менен 50 фактыны эске алуу менен түзүлөт. Анын ичинде аскерге жарамдуулардын саны, мамлекеттин армияга бөлгөн каражаты, аскер аба жана деңиз күчтөрүнүн кубаттуулугу эске алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0