БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Бишкек шаары менен Чүй, Талас облустарында абанын температурасы 18 градуска чейин көтөрүлөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 8, күндүз 20 градуска чейин жылыйт.
Ал эми Ысык-Көлдө 15, Нарында 8 градус жылуу болот.