https://sputnik.kg/20170323/kyrgyzstandyn-zheti-dubany-bugun-kandaj-korunush-1032461100.html
Гүлдөгөн бадам, адам боюндай кар, жазгы жаан. Дубандардын бир учурдагы сүрөттөрү
Гүлдөгөн бадам, адам боюндай кар, жазгы жаан. Дубандардын бир учурдагы сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Босогодо апрель айы. Бүгүн Кыргызстандын чар тарабында аба ырайы кандай болгонун көргүңүз келеби? Кызык эле көрүнүш, бир жагында эл ысуулап чечинип жатса... 23.03.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-03-23T19:05+0600
2017-03-23T19:05+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103246/28/1032462826_0:585:5726:3822_1920x0_80_0_0_024eca63264ad8184fd47d68cae05f4c.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Нургүл Максутова
https://sputnik.kg/img/103613/22/1036132260_3060:398:5143:2481_100x100_80_0_0_7a3ab38ae738f8849be0b4ce5e6cb4b8.jpg
Нургүл Максутова
https://sputnik.kg/img/103613/22/1036132260_3060:398:5143:2481_100x100_80_0_0_7a3ab38ae738f8849be0b4ce5e6cb4b8.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103246/28/1032462826_0:223:5726:3822_1920x0_80_0_0_10d2054ceb87c6a95139567469b71223.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нургүл Максутова
https://sputnik.kg/img/103613/22/1036132260_3060:398:5143:2481_100x100_80_0_0_7a3ab38ae738f8849be0b4ce5e6cb4b8.jpg
кыргызстан, коом, жаңылыктар
кыргызстан, коом, жаңылыктар
Гүлдөгөн бадам, адам боюндай кар, жазгы жаан. Дубандардын бир учурдагы сүрөттөрү
19:05 23.03.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Нургүл Максутова
Журналист
Босогодо апрель айы. Бүгүн Кыргызстандын чар тарабында аба ырайы кандай болгонун көргүңүз келеби? Кызык эле көрүнүш, бир жагында эл ысуулап чечинип жатса, экинчи аймактарда калың түшкөн кар азыр кетчүдөй эмес. Анда төмөнкү сүрөттөргө көз салсаңыз болот.
Бишкекте күн бүгүн жадырап сонун тийди. Кыргызгидромет 15 гадуска чейин жылуу болорун билдирген. Мындай аба ырайына баарынан көп балдар кубангандай. Себеби, азыр жазгы каникул эмеспи.
Баткенде күн кээ бир коллегаларым жазгандай, тим эле мемирейт. Берегилер жазгы күндүн нуруна кактангандай… Арыда ак калпакчандар отурат.
Лейлекте жер жарыктык жазгы-талаа иштерин эле күтүп жаткандай… Томуктай кар жок.
Таласта күн чубактай тургандай эле болду. Анткен менен жазгы сууктан кооптонгондор тондорун чече элек.
Жалал-Абаддын борборуна жаңы эле жамгыр себелептир. Таптаза сейил бак. Жаандан кийинки көктөмдүн жытын сагындык…
Жалал-Абаддын дагы бир аймагы – Казарман. Киши бою кар. Тогуз-Тородо кыш өз өкүмүн дагы деле жүргүзүүдө.
Ош шаары. Гүлүн ачайын, ачайын деп калган бадам. Бүгүн күн адаттагыдан жылуу.
Нарын шаары. Сууктун тумшугу сынгандай. Алты ай ак кар, көк муз каптаган аймактын борбору.
Азыр Ат-Башынын аймагында калың кардан, катаал аба ырайынан улам чукул кырдаал жарыяланган. Сүрөттө Калинин айылы.
Ак-Талаанын Кара-Бүргөн аймагы. Кар күндүн көзү кылтыйса эригени болбосо, эртең менен кечинде элди кадимкидей кылчылдатып турган чагы.
Кыргызгидромет эртең, 24-мартта, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөрүн, ал эми калган аймактарда күн ачык болорун айтты.