8-мартта күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековНаступление весны в городе Бишкек
Наступление весны в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, ал эми күндүз жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Борбор калаа жана Ош шаарында күндүн табы 10 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0