БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, ал эми күндүз жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Борбор калаа жана Ош шаарында күндүн табы 10 градуска чейин көтөрүлөт.