Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жекшембиде түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жылуулук берүү качан токтотулары алдын ала айтылды
Маалыматка ылайык, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында 4-7 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0