Кыргызстан "күчтүү паспорт" рейтингинде 66-орунга татыды

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта "Жуковский"
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет кыргыз паспорту 58 балл топтогон.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң таасирлүү паспорттор рейтинги боюнча Кыргызстандын паспорту 66-орунга татыктуу болду.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Forbes: Кыргызстан 2017-жылы туристтердин капчыгына эң ыңгайлуу өлкө болот
Маалыматка ылайык, кыргыз паспорту 58 баллга ээ болгон. Упайлар мамлекет канча өлкө менен визасыз режимге келишим түзгөндүгү боюнча аныкталат.

Анализдер БУУнун тараткан расмий маалыматтарынан алынып, ага 193 өлкө кирген. 

Рейтингдин сап башына Германия, Швеция жана Сингапур чыккан. Алардын паспорттору 156 өлкөгө визасыз барууга мүмкүнчүлүк берет. 

Паспорт рейтинги (Passport Index) — бул кайсы мамлекеттердин паспорттору башка өлкөлөргө визасыз барууга мүмкүнчүлүк берерин аныктай турган интерактивдүү программа.

Жаңылыктар түрмөгү
0