Гематология менен онкология борборлору бириктирилди

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүРабота Городской клинической больницы №31
Работа Городской клинической больницы №31 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки борбор бириктирилип эми Улуттук онкология жана гематология борбору деп аталат.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз илимий гематология борборун жана Улуттук онкология борборун бириктирүү жөнүндө токтомго кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Документке ылайык, мындай кадам административдик-башкаруу персоналын камсыздоого кеткен чыгымды кыскартууга багытталып, бошогон каражатты түздөн-түз оорулууларды дарылоого багыттоого мүмкүндүк түзүлөт.

"Талдоо көрсөткөндөй Кыргыз илимий гематология борборунда 2014-жылкы оорулуулардын саны боюнча бир врачтын орточо айлык жүктөмү болгону 10 адамды түзгөн, ал эми оорулуулардын нормативдик жүктөмү 18-20 оорулууну түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар көп ишенген медициналык 7 аңыз
Андан сырткары, 2014-жылы 2016-жылга салыштырмалуу персоналды кармоого кеткен чыгым 7,6 эсеге, же 13,2 миллион сомго жогорулаган. Жалпы бюджеттеги персоналды кармоого кеткен чыгымдын үлүшү 40,7 пайыздан 54,8 пайызга жогорулаган. 

Мындан тышкары, кадрлардын агылуу көйгөйү бар, борбордун имараты онкологиялык оорулууларга сапаттуу көмөк көрсөтүүгө ыңгайлашкан эмес, медициналык жабдуу жетишсиз, онкогематология бөлүмү химиялык терапия өткөрүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп бербейт.

Буга байланыштуу эки борборду бириктирүү тууралуу чечим онкологиялык, онкогематологиялык жана кан оорулары менен жабыркагандарга жогорку сапаттагы медициналык көмөк көрсөтүүдө ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган. 

Эки борбор бириктирилип Улуттук онкология жана гематология борбору деп аталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0