Эртең өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы мүмкүн

CC BY-SA 2.0 / Chris Vander Hoek / Девушка с зонтом
Девушка с зонтом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым аймактарда жааган жаан карга айланышы ыктымал.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрди түзөт.

"Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан карга айланышы ыктымал. Ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ошто түнкүсүн алты градус суук болсо күндүзү жети градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн сегиз градус суук, күндүзү беш градус жылуу. Нарында түнкүсүн 16, күндүз беш градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0