Транспорт министрлигинин алдындагы бөлүмдөр ирилештирилет

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш кабинетинде. Архив
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш кабинетинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү токтомго өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жол министрлигинин ишин координациялоону жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында токтомго кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт мамлекеттик агенттиги жана Салмак-габариттик контролдоо департаменти бириктирилип, министрликтин алдындагы Автомобиль, сууда жүрүүчү транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги түзүлөт.

Ремонт дорог в Омске - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Балыкчы — Корумду жолунун чырын иликтөөгө Кытайдан жардам сурады
Андан сырткары Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин №1, №3, №4 жана №5 автомобиль жолдорунун башкармалыктары жоюлат. Ошондой эле Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин №6 автомобиль жолдорунун өндүрүштүк линиялык башкармалыгы Жол чарба департаментинин Жалал-Абад – Балыкчы автомобиль жол башкармалыгы деп аталат.

Транспорт жана жол министрлигине эки айлык мөөнөттө мекемелерди кайра уюштуруу жана жоюу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү боюнча тиешелүү комиссияларды түзүү жана өлкө мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүүсү тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0