Бүгүн — референдумга катышуучулардын тизмесин тактоонун акыркы күнү

© Sputnik / Табылды КадырбековСписки избирателей на выборы в Жогорку Кенеш 2015
Списки избирателей на выборы в Жогорку Кенеш 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Референдумга катышуучулардын саны бүгүнкү күндө 2 миллион 813 миң адамга жетет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Референдумга катышуучулардын тизмесине катталбай калган жарандар үчүн, тизмеге өз атын киргизүүгө ушул ишемби күнү аяктайт. 

Мурдарак Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды шайлоого катышуучулардын тизмесинде бар же жок экенин 26-ноябрга чейин комиссиянын атайын сайтынан текшерүүнү билдирген. 

Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандагы кыргыз жарандарына референдум тууралуу маалымат берилип жатат
Тизмеге кирбей калган кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарды тапшыруу менен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алууга убактысы бар. 

БШКнын акыркы маалыматтарына караганда, учурда 2 миллион 813 миң адам тизмеге кирген. Ал эми 987 миң киши биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек. 

11-декабрь күнү Конституцияга толуктоолорду киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Шайлоо үчүн 1 902 участок, референдумга — 2 700 участок (35и чет өлкөлөрдө) ачылат. Бул айырмачылыктын себеби ушул жылдын жаз айларында жергиликтүү кеңештердин 27сине депутаттарды шайлоо болгонуна байланыштуу деп билдирди БШК.

Жаңылыктар түрмөгү
0