"Жеткиликтүү турак жай" программасы менен жүз кыргызстандык насыя алды

Жазылуу
Насыялар январь айынын ортосунан тарта бериле баштаган. Ипотекалык насыяга мамлекет 5 миллиард сомдон ашык каражат жумшайт.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. "Жеткиликтүү турак жай" программасы менен жүзүнчү жаранга ипотекалык насыя берилгенин "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Курулуп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеткиликтүү турак жай программасынын алкагында 31 мугалим үйлүү болду
Ага ылайык, 7-июлга карата жыл башынан бери берилген ипотекалык насыянын көлөмү 96 миллион 940 миң сомду түзгөн.

Буга чейин маалымдалгандай мамлекеттик турак жай программасын көзөмөлдөгөн ведомстволор аралык комиссия насыя алууга ниеттенген жарандардын жаңы тизмесин караган. Анда 3 783 мамлекеттик кызматкерлердин аты-жөнү болгон.

"Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында өкмөт жети банк менен иштешип жатат. Ипотекалык насыяга мамлекет 5 миллиард сомдон ашык каражатты жумшап, акчаны бир гана сом менен берет.

Турак үйдү сатып алуунун шарттары, эсептешүү мөөнөтү, үстөк пайызы жана максималдуу аянты туурасында Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0