Телефон номерин каттатпагандар байланышсыз калды

© Sputnik / Табылды КадырбековSIM-карталар жана уюлдук телефон. Архив
SIM-карталар жана уюлдук телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча канча абоненттин мобилдүү байланышсыз калганы белгисиз.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Уюлдук байланыштын каттоодон өтпөгөн абоненттери өчүрүлгөнүн Мамлекеттик байланыш агенттиги билдирди.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет элдиктер уюлдук байланыш компаниясынын 25 млн. сомдук трафигин уурдады деп шектелүүдө
Азырынча канча абонент байланышсыз калганы белгисиз. 

Үстүбүздөгү жылдын 18-январына карата 7 миллион 814,7 миң абоненттин 7 миллион 490 миңи персонификациядан өтүп, жалпы пайдалануучулардын 95,85 пайызын түзгөн. 

SIM-карталарды милдеттүү түрдө персонификациялоо жараяны 2014-жылы башталып былтыр 8-мартта аякташы керек болчу. Бирок уюлдук компаниялардын өтүнүчү менен бул мөөнөт бир нече жолу узартылган. Акыркы мөөнөт 2016-жылдын 1-февралына белгиленген. Бул саамалык шылуундардын мыйзамсыз аракетинин алдын алуу, SIM-карталар жоголгон учурда аны блокко коюу жана чалуулар боюнча так маалымат алуу максатында жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0