Балдарга чыккан жөлөк пулду баарынан көп Жалал-Абаддагы үй-бүлөлөр алат

Жазылуу
Кыргызстан боюнча жакыр жашаган 99 миң 950 үй-бүлөгө мамлекет балдар үчүн жөлөк пул төлөп берет.

БИШКЕК, 13-янв. – Sputnik. Кыргызстанда аз камсыз болгон, бала-чакалуу үй-бүлөгө бериле турган жөлөк пулду баарынан көп Жалал-Абаддын жашоочулары алат экен. Бул туурасында Эмгек жана социалдык жактан өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан билдирди. 

Выдача пенсий в почтовом отделении №51 Грозного - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Белдиктер 150 баланын пособиеден куру калгандыгына нааразы болуп жатышат
Бишкекте жөлөк пул алгандарын саны 980 үй-бүлө экен. Облустар арасында эң көп Жалал-Абаддга туура келип, 34 миң 411 үй-бүлөгө каралса, ал эми эң азы эми Чүйдө болгону, 1 445 бүлө алары белгилүү болду. Балдарга колдоо көрсөткөн каражатты алгандар боюнча Ош облусу экинчи орунда туруп, 32 миң 560 бүлөгө берилсе, Баткенде бул сан 13 миң 657ни көрсөткөн.

Нарында 8 528, Таласта 4 770, Ысык-Көлдө 3 599 бүлөгө чектелиптир. 

Жаңылыктар түрмөгү
0