БШК: шайлоого 1 млн. 557 миң шайлоочу катышты

© Sputnik / Табылды КадырбековБШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов пресс-конференция учурунда.
БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов пресс-конференция учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республиканын 22 шайлоо участогунан шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө акыркы маалыматтар келе элек. Аларда 18 миң 702 шайлоочу катталган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча, 5-октябрдын саат 11.00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосунда добуш берген жарандардын саны 1 миллион 557 миң 442 жаранды түзгөнүн БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйында билдирди.

Ага ылайык, алдыда келе жаткан алты партиянын тизмеси өзгөрүүсүз калууда:

 

Алдын ала жыйынтыктар боюнча кайсы талапкерлер депутат болот?
КСДП — 430 миң 661 шайлоочу же 27,4 пайыз;
  • "Республика — Ата-Журт" — 312 миң 514 шайлоочу же 20,1 пайыз;
  • "Кыргызстан" — 202 миң 62 шайлоочу же 12,8 пайыз;
  • "Өнүгүү-Прогресс" — 146,5 миң жаран же 9,3 пайыз;
  • "Бир Бол" — 133 миң 179 шайлоочу же 8,5 пайыз:
  • "Ата Мекен" — 121 миң 723 жаран же 7,7 пайыз.
  •  

    Республиканын 22 шайлоо участокторунан шайлоонун жыйынтыгы боюнча акыркы маалыматтар келе элек. Анда 18 миң 702 шайлоочу катталган.

    4-октябрь күнү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жарандардын биометрикалык маалыматынын негизинде парламенттик шайлоо болду. Алдын ала жыйынтык боюнча ага катышкан 14 партиянын алтоо 0,7 пайыздык босогодон өткөн.

    Өлкөдө 2 миллион 671 миң 297 адам биомертикалык маалыматтарын тапшырып, шайлоого катышууга укук алган.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0