Жакынкы күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар түшөт

Жазылуу
Бүрсүгүнтөдөн тарта аба ырайы кескин салкындап, республиканын аймактарында 3…8 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жакынкы эки күндө, тактап айтканда, 13-15-сентябрында аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Бийик тоолуу жерлерде жол тоңуп, тайгак болот. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы шашылыш билдирүү таратты. 

Бүгүн Ысык-Көл, Нарындын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт
Абанын температурасы аймактарда кескин төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө 13-сентябрда күндүз 15…20, 14-15-сентябрда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус жылуу болушу күтүлөт. 

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 14-15-сентябрда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22 градус жылуу болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 14-15-сентябрда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5 суук, күндүз 6…11 градуска түшөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0