Кыргызстанда ремонт жана туура тамактануу кымбатка турбай калды

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаанын дөңгөлөгүн алмаштыруу. Архив
Автоунаанын дөңгөлөгүн алмаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитети баалар боюнча маалымат таратты.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстанда июль айында азык-түлүк жана курулуш материалдары арзандады. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Бензин в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Күйүүчү майдын баасы түшкөндүгү байкалууда
Ведомствонун маалыматында мөмө-жемиштер бул айда 10 пайызга, ал эми жашылчалар 17 пайызга арзандаган.

Муну менен катар, курулуш материалдарына болгон баалар байкалаарлык төмөндөгөн. 

Ал эми суу менен камсыздоо 12 пайызга, мунай заттары 9 пайызга, кызмат көрсөтүү тармагынын ичинен мейманканалар 11 пайызга кымбаттаган. 

Жалпысынан алганда, Кыргызстанда бул айда жашоо жарым пайызга арзандады деп айтылат отчетто.

Жаңылыктар түрмөгү
0