https://sputnik.kg/20261118/chuj-2-bala-prevmatikalyk-kuraldan-atuu-1104963084.html
Чүйдө көчөдө бараткан эки окуучуну пневматикалык куралдан аткан шектүү кармалды
Чүйдө көчөдө бараткан эки окуучуну пневматикалык куралдан аткан шектүү кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда көчөдөн өтүп бара жаткан эки баланы пневматикалык мылтык менен аткан жаран кармалды. Бул тууралуу милициядан... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T10:13+0600
2026-11-18T10:13+0600
2026-11-18T10:13+0600
кыргызстан
чүй облусу
мылтык
бала
оорукана
милиция
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104962620_0:18:896:522_1920x0_80_0_0_10f28a85e176c82c375380f4ad6e2d56.jpg
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда көчөдөн өтүп бара жаткан эки баланы пневматикалык мылтык менен аткан жаран кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрда болгон. Кечки саат 18:30дар чамасында Чүй райондук ооруканасынан милицияга 13 жана 11 жаштагы эки баланын октон жаракат алып түшкөнү тууралуу кабар келген. Аталган факт Чүй РИИБинде катталып, ыкчам-тергөө иш-чаралары учурунда кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Т.У. аттуу жаран кармалды. Ал милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 4,5 мм калибрдеги Hatsan AirTact үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты өткөрүп берген. Сурак учурунда шектүү көчөгө чыгып, ары-бери өткөн адамдарды атканын мойнуна алган. Учурда шектүү Чүй РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат.
https://sputnik.kg/20261111/taksige-kol-kalgan-19-zhash-bala-1104824111.html
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104962620_0:0:897:673_1920x0_80_0_0_76b082620a1ab8724934f75a8fe60cbe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чүй облусу, мылтык, бала, оорукана, милиция
кыргызстан, чүй облусу, мылтык, бала, оорукана, милиция
Чүйдө көчөдө бараткан эки окуучуну пневматикалык куралдан аткан шектүү кармалды
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда көчөдөн өтүп бара жаткан эки баланы пневматикалык мылтык менен аткан жаран кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрда болгон. Кечки саат 18:30дар чамасында Чүй райондук ооруканасынан милицияга 13 жана 11 жаштагы эки баланын октон жаракат алып түшкөнү тууралуу кабар келген.
Аталган факт Чүй РИИБинде катталып, ыкчам-тергөө иш-чаралары учурунда кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Т.У. аттуу жаран кармалды.
Ал милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 4,5 мм калибрдеги Hatsan AirTact үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты өткөрүп берген. Сурак учурунда шектүү көчөгө чыгып, ары-бери өткөн адамдарды атканын мойнуна алган.
Учурда шектүү Чүй РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат.