https://sputnik.kg/20261117/neytronduk-kuraldyn-ishteshi-zhana-tuzulushu-1104952167.html
Нейтрондук куралдын иштеши жана түзүлүшү. Инфографика
Нейтрондук куралдын иштеши жана түзүлүшү. Инфографика
Sputnik Кыргызстан
Радиациясы жок өзөктүк бомба. 1978-жылдын 17-ноябрында Советтер Союзу нейтрондук бомбаны ийгиликтүү сынактан өткөргөнүн жарыялаган. Ал курулуштарды кыйратпай... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-17T19:19+0600
2026-11-17T19:19+0600
2026-11-17T19:19+0600
ссср
акш
өзөктүк курал
бомба
кооптуулук
курал
радиация
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/11/1104951998_0:0:3000:1688_1920x0_80_0_0_55c654b67af7aa9eefba5733638c256c.jpg
Курал кантип иштейт жана кандай максатта колдонулат? Бул сапар нейтрондук бомба тууралуу билүүгө тийиш болгон маанилүү жагдайларды айтып беребиз. Шаар бүтүн турат, бирок ичинде тирүү жан жок. Нейтрондук бомба -- кубаттуулугу аз, эки баскычтуу термоөзөктүк заряд. Ага тез кыймылдоочу нейтрондордун булагы болгон бериллий изотобун камтыган атайын блок кошулган. Ойлоп табуучулардын планы боюнча, дал ушул тез нейтрондордун агымы (жылуулук нурлануусу же сокку толкуну эмес) куралдын башкы кыйратуучу касиети болушу керек эле. Нейтрондук толкун ар кандай коргоочу тосмолордон өтүп кетип, душмандын мүлкүнө, анын ичинде шаарларына зыян келтирбестен, аскер күчтөрүн гана жок кылат. Ал эми "классикалык" өзөктүк дүрмөт жарылганда шаарлар сөзсүз түрдө сокку толкунунан кыйрап, радиацияга ууланып калмак. Нейтрондук бомбаны биринчи жолу АКШда жасашып (1962-жылы) жана куралданууга кабыл алышкан (1965-жылы). Идея чындыкка дал келбей калды. Алгачкы сыноолор "нейтронка" күтүлгөндөй натыйжалуу эмес экенин көрсөттү. Жарылганда кыйроолор баары бир болгон жана кыйла олуттуу зыян алып келген. Ал эми тез нейтрондордун нурлануусунан улам темир-тезектин баары радиоактивдүү нерсеге айланып, болгондо да радиацияны узак убакыт бою бөлүп чыгарып турган. Бул жок кылынган душмандын курулуштарын жана техникасын кайра колдонууга мүмкүн эмес дегенди билдирген. Айлананын баары катуу радиацияга кабылчу. Дагы бир көйгөй кездешкен — нейтрондор атмосферада катуу чачырап кеткендиктен нурлануусунун жабыркатуу алыстыгы ошол эле кубаттуулуктагы кадимки өзөктүк дүрмөттүн сокку толкунуна салыштырмалуу кыйла кыска болгон. Ракеталарды нейтрондук тосуу. "Нейтронканы" колдонуу үчүн эң ыңгайлуу чөйрө — космос, ал эми башкы бутасы душмандын континенттер аралык баллистикалык ракеталары (КАБР) болуп калды. Атмосферасыз мейкиндикте нейтрондордун агымына мүмкүн болушунча алыс аралыкка жетүүгө эч нерсе тоскоолдук кылбайт. Ал эми кадимки өзөктүк дүрмөтү бар зениттик тосуучу ракеталарда космосто сокку толкуну болбогондуктан кыйынчылыктар жаралчу. Сыноолор көрсөткөндөй, нейтрондук толкундар душмандын баллистикалык ракетасын тешип өтүп, тосуучу ракета жарылган чекиттен 5–20 чакырым аралыкта эле аны талкалап, согуштук зарядын жарып жиберген. Бул таасирди күчөтүү үчүн "нейтронканын" сырткы кабыгын алтындан жасашкан. Дал ушул ракетадан коргонуу системасын (ПРО) түзүү иштери Советтер Союзунда өзүнүн нейтрондук бомбасын иштеп чыгууга түрткү берген. Мамлекеттик буюртма берилгенден тартып "нейтронканы" сынаганга чейин жарым жылдан бир аз гана ашык убакыт өткөн. Бирок нейтрондук бомба укмуштуудай чечүүчү куралга айлана алган жок. АКШ да, СССР да нейтрондук толкундардан коргонуучу "каршы чараны" абдан тез табышты. Натыйжада 1980-жылдардын ортосунда эле өлкөлөр аны өндүрүүдөн чыгара башташкан. Ал бир гана АКШда калган, бирок анысы да так эмес.
ссср
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/11/1104951998_331:0:2891:1920_1920x0_80_0_0_d357180dc8bffac492e762f69747d67b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, акш, өзөктүк курал, бомба, кооптуулук, курал, радиация, инфографика
ссср, акш, өзөктүк курал, бомба, кооптуулук, курал, радиация, инфографика
Нейтрондук куралдын иштеши жана түзүлүшү. Инфографика
Радиациясы жок өзөктүк бомба. 1978-жылдын 17-ноябрында Советтер Союзу нейтрондук бомбаны ийгиликтүү сынактан өткөргөнүн жарыялаган. Ал курулуштарды кыйратпай туруп, адамдарды гана жок кылышы керек болчу.
Курал кантип иштейт жана кандай максатта колдонулат? Бул сапар нейтрондук бомба тууралуу билүүгө тийиш болгон маанилүү жагдайларды айтып беребиз.
Шаар бүтүн турат, бирок ичинде тирүү жан жок. Нейтрондук бомба -- кубаттуулугу аз, эки баскычтуу термоөзөктүк заряд. Ага тез кыймылдоочу нейтрондордун булагы болгон бериллий изотобун камтыган атайын блок кошулган. Ойлоп табуучулардын планы боюнча, дал ушул тез нейтрондордун агымы (жылуулук нурлануусу же сокку толкуну эмес) куралдын башкы кыйратуучу касиети болушу керек эле. Нейтрондук толкун ар кандай коргоочу тосмолордон өтүп кетип, душмандын мүлкүнө, анын ичинде шаарларына зыян келтирбестен, аскер күчтөрүн гана жок кылат. Ал эми "классикалык" өзөктүк дүрмөт жарылганда шаарлар сөзсүз түрдө сокку толкунунан кыйрап, радиацияга ууланып калмак. Нейтрондук бомбаны биринчи жолу АКШда жасашып (1962-жылы) жана куралданууга кабыл алышкан (1965-жылы).
Идея чындыкка дал келбей калды. Алгачкы сыноолор "нейтронка" күтүлгөндөй натыйжалуу эмес экенин көрсөттү. Жарылганда кыйроолор баары бир болгон жана кыйла олуттуу зыян алып келген. Ал эми тез нейтрондордун нурлануусунан улам темир-тезектин баары радиоактивдүү нерсеге айланып, болгондо да радиацияны узак убакыт бою бөлүп чыгарып турган. Бул жок кылынган душмандын курулуштарын жана техникасын кайра колдонууга мүмкүн эмес дегенди билдирген. Айлананын баары катуу радиацияга кабылчу. Дагы бир көйгөй кездешкен — нейтрондор атмосферада катуу чачырап кеткендиктен нурлануусунун жабыркатуу алыстыгы ошол эле кубаттуулуктагы кадимки өзөктүк дүрмөттүн сокку толкунуна салыштырмалуу кыйла кыска болгон.
Ракеталарды нейтрондук тосуу. "Нейтронканы" колдонуу үчүн эң ыңгайлуу чөйрө — космос, ал эми башкы бутасы душмандын континенттер аралык баллистикалык ракеталары (КАБР) болуп калды. Атмосферасыз мейкиндикте нейтрондордун агымына мүмкүн болушунча алыс аралыкка жетүүгө эч нерсе тоскоолдук кылбайт. Ал эми кадимки өзөктүк дүрмөтү бар зениттик тосуучу ракеталарда космосто сокку толкуну болбогондуктан кыйынчылыктар жаралчу. Сыноолор көрсөткөндөй, нейтрондук толкундар душмандын баллистикалык ракетасын тешип өтүп, тосуучу ракета жарылган чекиттен 5–20 чакырым аралыкта эле аны талкалап, согуштук зарядын жарып жиберген. Бул таасирди күчөтүү үчүн "нейтронканын" сырткы кабыгын алтындан жасашкан.
Дал ушул ракетадан коргонуу системасын (ПРО) түзүү иштери Советтер Союзунда өзүнүн нейтрондук бомбасын иштеп чыгууга түрткү берген. Мамлекеттик буюртма берилгенден тартып "нейтронканы" сынаганга чейин жарым жылдан бир аз гана ашык убакыт өткөн. Бирок нейтрондук бомба укмуштуудай чечүүчү куралга айлана алган жок. АКШ да, СССР да нейтрондук толкундардан коргонуучу "каршы чараны" абдан тез табышты. Натыйжада 1980-жылдардын ортосунда эле өлкөлөр аны өндүрүүдөн чыгара башташкан. Ал бир гана АКШда калган, бирок анысы да так эмес.