https://sputnik.kg/20261117/lunokhod-1-apparaty-aydyn-betinde-10-chakyrym-zhurgon-1104955465.html
Айдын бетинде 10 чакырым жүргөн "Луноход-1" аппаратынын тарыхы
Айдын бетинде 10 чакырым жүргөн "Луноход-1" аппаратынын тарыхы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өз буту менен, болгондо да Айдын бетинде баскан. 1970-жылдын 17-ноябрында Жердин табигый жандоочусунун бети менен дүйнөдөгү алгачкы... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-17T20:29+0600
2026-11-17T20:29+0600
2026-11-17T22:29+0600
ссср
жер
ай
космос
изилдөө
технологиялар
жетишкендик
https://sputnik.kg/img/101892/76/1018927603_0:332:2048:1484_1920x0_80_0_0_173ba5c6590d0b3c1a2d16a1c862888a.jpg
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өз буту менен, болгондо да Айдын бетинде баскан. 1970-жылдын 17-ноябрында Жердин табигый жандоочусунун бети менен дүйнөдөгү алгачкы автоматтык өзү жүрүүчү "Луноход-1" аппараты кадамын таштаган. Планетоходдун Жаандар деңизинин батыш бөлүгүнө (жашы 3,86 миллиард жылга жеткен Айдагы түздүккө) жумшак конушун "Луна-17" автоматтык станциясы камсыздаган. Ал эми анын Айдагы сапарын беш адамдан турган нөөмөттүү экипаж (командир, айдоочу, штурман-навигатор, бортинженер жана антенна оператору) башкарып турган. Аппаратты Жерден дээрлик көрбөй туруп башкарууга туура келген. Сигналдын өтө кечигүүсүнөн улам (болжол менен 2,5 секунддан 4 секундга чейин, ал эми жаңы сүрөттөр 20 секундда бир гана жаңыланып турган) айдоочу буйрук берип, аппарат аны аткарып, токтоп, сүрөткө тартып, аны Жерге жөнөткөн. Бул кайталанып турган. "Луноход-1" аппараты Химки шаарындагы Лавочкин атындагы Машина куруу заводунун конструктордук бюросунда Григорий Бабакиндин жетекчилиги астында жасалган. Аппаратты кураштыруунун башкы кыйынчылыгы — ал абдан бекем, бирок темир-тезеги мүмкүн болушунча аз болушу керек эле (ал магний эритмелеринен жасалып, жалпы салмагы 756 килограммды түзгөн). Анын бардык механизмдери абасыз мейкиндикте жана күчтүү күн радиациясынын шартында иштөөгө тийиш болгон (электроника үчүн аба кирбеген герметикалык аспаптар бөлүмү, ал эми кубаттоо үчүн кремнийден жасалган күн батареялары орнотулган ачылып-жабылма капкак жасалган). Мындан тышкары, адистер Айдагы –170 градустан +120га чейинки кескин температураны да эске алышы маанилүү болчу (бул үчүн муздатуучу радиатор, жылуулук өткөрбөөчү каптама жана мажбурлап желдетүү системасы колдонулган). Бул жерде танкалардын кандай тиешеси бар? Дал ошол Ленинграддагы Бүткүл союздук транспорттук машина куруу илим-изилдөө институтунун (ВНИИТрансмаш, азыр Уралвагонзаводдун курамында) танк куруучу инженерлери луноходго "бут" тартуулашкан. Тагыраагы, ар бир дөңгөлөгү өз алдынча асма системасы менен жабдылган 8х8 үлгүсүндөгү өзү жүрүүчү шассини, бурулуу системасын жана жолдун өтүмдүүлүгүн баалоочу аспапты иштеп чыгышкан. Ушул жабдыктардын аркасында ал Айдын бетинде 10 чакырымдан ашык жол баскан. Бул -- Ай үчүн өтө чоң аралык. Аппаратты иштеп чыккандар ага кыйла таасирдүүрөөк аталыш ойлоп табуу керек деп эсептешкен. "Луноход-1" жана "Луноход-2" деген аталыштар өтө эле жөнөкөй сезилген. Алар РУСЛАН — Илимдер академиясынын россиялык универсалдуу өзү жүрүүчү лабораториясы (российская универсальная самоходная лаборатория Академии наук) деген кыскартылган аталышты сунушташкан, бирок бул ысым элге сиңип кеткен эмес. "Луноход-1" пландалган үч айдын ордуна он айдаш ашык убакыт иштеди. Бул аралыкта ал 80 миң чарчы чакырымга жакын аймакты изилдеп, Жерге он миңдеген сүрөттөрдү жана жүздөгөн панорамаларды жөнөткөн. 1971-жылдын 14-сентябрында Жер ай изилдөөчү менен акыркы жолу байланышка чыккан. Ал ушул күнгө чейин Жаандар деңизинде турат. Анын мураскери аукциондо сатылып кеткен. 1973-жылы СССР Айга "Луноход-2" аппаратын жеткирген, ал да өз миссиясын аяктагандан кийин ошол жактан түбөлүк жайын тапкан. 1993-жылы Лавочкин атындагы илимий-өндүрүштүк бирикме "Луноход-2ни" аукциондо астронавттын уулу жана бизнесмен Ричард Гэрриотко 68,5 миң долларга сатып жиберген. Аукциондук каталогдо бул лот "Айдын бетинде жатат" деп көрсөтүлгөн болчу.
https://sputnik.kg/20260403/sssr-uchurgan-luna-10-stantsiyasynyn-tarykhy-1100598559.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101892/76/1018927603_0:140:2048:1676_1920x0_80_0_0_9983187e7dc43295f6a40e749b2dedb9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, жер, ай, космос, изилдөө, технологиялар, жетишкендик
ссср, жер, ай, космос, изилдөө, технологиялар, жетишкендик
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өз буту менен, болгондо да Айдын бетинде баскан. 1970-жылдын 17-ноябрында Жердин табигый жандоочусунун бети менен дүйнөдөгү алгачкы автоматтык өзү жүрүүчү "Луноход-1" аппараты кадамын таштаган.
Планетоходдун Жаандар деңизинин батыш бөлүгүнө (жашы 3,86 миллиард жылга жеткен Айдагы түздүккө) жумшак конушун "Луна-17" автоматтык станциясы камсыздаган. Ал эми анын Айдагы сапарын беш адамдан турган нөөмөттүү экипаж (командир, айдоочу, штурман-навигатор, бортинженер жана антенна оператору) башкарып турган.
Аппаратты Жерден дээрлик көрбөй туруп башкарууга туура келген. Сигналдын өтө кечигүүсүнөн улам (болжол менен 2,5 секунддан 4 секундга чейин, ал эми жаңы сүрөттөр 20 секундда бир гана жаңыланып турган) айдоочу буйрук берип, аппарат аны аткарып, токтоп, сүрөткө тартып, аны Жерге жөнөткөн. Бул кайталанып турган.
"Луноход-1" аппараты Химки шаарындагы Лавочкин атындагы Машина куруу заводунун конструктордук бюросунда Григорий Бабакиндин жетекчилиги астында жасалган.
Аппаратты кураштыруунун башкы кыйынчылыгы — ал абдан бекем, бирок темир-тезеги мүмкүн болушунча аз болушу керек эле (ал магний эритмелеринен жасалып, жалпы салмагы 756 килограммды түзгөн). Анын бардык механизмдери абасыз мейкиндикте жана күчтүү күн радиациясынын шартында иштөөгө тийиш болгон (электроника үчүн аба кирбеген герметикалык аспаптар бөлүмү, ал эми кубаттоо үчүн кремнийден жасалган күн батареялары орнотулган ачылып-жабылма капкак жасалган). Мындан тышкары, адистер Айдагы –170 градустан +120га чейинки кескин температураны да эске алышы маанилүү болчу (бул үчүн муздатуучу радиатор, жылуулук өткөрбөөчү каптама жана мажбурлап желдетүү системасы колдонулган).
Бул жерде танкалардын кандай тиешеси бар? Дал ошол Ленинграддагы Бүткүл союздук транспорттук машина куруу илим-изилдөө институтунун (ВНИИТрансмаш, азыр Уралвагонзаводдун курамында) танк куруучу инженерлери луноходго "бут" тартуулашкан. Тагыраагы, ар бир дөңгөлөгү өз алдынча асма системасы менен жабдылган 8х8 үлгүсүндөгү өзү жүрүүчү шассини, бурулуу системасын жана жолдун өтүмдүүлүгүн баалоочу аспапты иштеп чыгышкан. Ушул жабдыктардын аркасында ал Айдын бетинде 10 чакырымдан ашык жол баскан. Бул -- Ай үчүн өтө чоң аралык.
Аппаратты иштеп чыккандар ага кыйла таасирдүүрөөк аталыш ойлоп табуу керек деп эсептешкен. "Луноход-1" жана "Луноход-2" деген аталыштар өтө эле жөнөкөй сезилген. Алар РУСЛАН — Илимдер академиясынын россиялык универсалдуу өзү жүрүүчү лабораториясы (российская универсальная самоходная лаборатория Академии наук) деген кыскартылган аталышты сунушташкан, бирок бул ысым элге сиңип кеткен эмес.
"Луноход-1" пландалган үч айдын ордуна он айдаш ашык убакыт иштеди. Бул аралыкта ал 80 миң чарчы чакырымга жакын аймакты изилдеп, Жерге он миңдеген сүрөттөрдү жана жүздөгөн панорамаларды жөнөткөн. 1971-жылдын 14-сентябрында Жер ай изилдөөчү менен акыркы жолу байланышка чыккан. Ал ушул күнгө чейин Жаандар деңизинде турат.
Анын мураскери аукциондо сатылып кеткен. 1973-жылы СССР Айга "Луноход-2" аппаратын жеткирген, ал да өз миссиясын аяктагандан кийин ошол жактан түбөлүк жайын тапкан. 1993-жылы Лавочкин атындагы илимий-өндүрүштүк бирикме "Луноход-2ни" аукциондо астронавттын уулу жана бизнесмен Ричард Гэрриотко 68,5 миң долларга сатып жиберген. Аукциондук каталогдо бул лот "Айдын бетинде жатат" деп көрсөтүлгөн болчу.