https://sputnik.kg/20261117/birimdik-asker-zheke-maalymat-1104948408.html
Санкция үчүн орус аскерлеринин жеке маалыматын уурдап алуу оңойбу?
Санкция үчүн орус аскерлеринин жеке маалыматын уурдап алуу оңойбу?
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Евробиримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас Россиянын атайын операциясынын катышуучуларына санкция салуу үчүн алардын жеке... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-17T15:32+0600
2026-11-17T15:32+0600
2026-11-17T15:32+0600
дүйнөдө
евробиримдик
кая каллас
россия
жеке маалымат
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0d/1100209980_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_085e76dd27739003509c55ecf316eb9b.jpg
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Евробиримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас Россиянын атайын операциясынын катышуучуларына санкция салуу үчүн алардын жеке маалыматтарын жашыруун уурдап алса болорун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал орус аскерлерине карата визалык чектөөлөр европалык санкциялардын 22-пакетине киргизилиши мүмкүн экенин кошумчалады. Көп өтпөй Россиянын Евробиримдиктеги туруктуу өкүлү Калластын сөздөрү мыйзамга каршы келерин айтып чыкты. "Евробиримдиктин принциби — мыйзамды жана жеке маалыматты коргоо. Бирок Калластын бул айткандары мыйзамга канчалык туура келери билгисиз", — деди өкүлчүлүк.
https://sputnik.kg/20261116/eb-kurguyga-tushup-baratat-1104912804.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0d/1100209980_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_9c1bd35f6acbb6e5ce34d4ee06ab1fd5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, евробиримдик, кая каллас, россия, жеке маалымат, атайын операция
дүйнөдө, евробиримдик, кая каллас, россия, жеке маалымат, атайын операция
Санкция үчүн орус аскерлеринин жеке маалыматын уурдап алуу оңойбу?
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Евробиримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас Россиянын атайын операциясынын катышуучуларына санкция салуу үчүн алардын жеке маалыматтарын жашыруун уурдап алса болорун айтты. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Маалыматтын бардыгы санариптик форматта экенин эске алсак, аларды алуу оңой эле, ар кандай варианттар бар. Чалгын кызматтарыбыз жакшы, мыкты адистер жетиштүү", — деди Каллас.
Ал орус аскерлерине карата визалык чектөөлөр европалык санкциялардын 22-пакетине киргизилиши мүмкүн экенин кошумчалады.
Көп өтпөй Россиянын Евробиримдиктеги туруктуу өкүлү Калластын сөздөрү мыйзамга каршы келерин айтып чыкты.
"Евробиримдиктин принциби — мыйзамды жана жеке маалыматты коргоо. Бирок Калластын бул айткандары мыйзамга канчалык туура келери билгисиз", — деди өкүлчүлүк.