https://sputnik.kg/20261116/suusamyr-jany-jol-10-chakyrym-tonnel-mintrans-1104929778.html
Бишкек — Суусамыр жаңы унаа жолуна 10 чакырымдык тоннель курулат
Бишкек — Суусамыр жаңы унаа жолуна 10 чакырымдык тоннель курулат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Долбоорлонуп жаткан Бишкек — Күн-Туу — Белогорка — Суусамыр унаа жолуна узундугу 10 чакырымдык тоннель куруу пландалууда. Бул... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T19:02+0600
2026-11-16T19:02+0600
2026-11-16T19:02+0600
кыргызстан
бишкек
долбоор
тоннель
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104928759_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_48d8ba985ca682998ae08f21381bb3a0.jpg
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Долбоорлонуп жаткан Бишкек — Күн-Туу — Белогорка — Суусамыр унаа жолуна узундугу 10 чакырымдык тоннель куруу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.Мекемеден кабарлашкандай, долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүттү.Жаңы трассанын жалпы узундугу 94 чакырымга жакын болот. Ал Сокулук районундагы Саз айылынан башталып, Арал — Төө-Ашуу унаа жолунун 61-чакырымына барып кошулат.Долбоордун алкагында учурдагы 27,2 чакырым жол оңдолуп, 56,8 чакырым жаңы тилке салынат. Ошондой эле 2 600–3 100 метр бийиктикте тоннель куруу каралган.Буга чейин парламентте бул жаңы жол Бишкектен Ошко чейинки аралыкты 150 чакырымга кыскартары айтылган.
https://sputnik.kg/20261116/osh-zamanbap-asma-zhol-kuruu-1104912212.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104928759_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_7fa1777c1298f6679527f6d5848f7040.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, долбоор, тоннель
кыргызстан, бишкек, долбоор, тоннель
Бишкек — Суусамыр жаңы унаа жолуна 10 чакырымдык тоннель курулат
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Долбоорлонуп жаткан Бишкек — Күн-Туу — Белогорка — Суусамыр унаа жолуна узундугу 10 чакырымдык тоннель куруу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Мекемеден кабарлашкандай, долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүттү.
Жаңы трассанын жалпы узундугу 94 чакырымга жакын болот. Ал Сокулук районундагы Саз айылынан башталып, Арал — Төө-Ашуу унаа жолунун 61-чакырымына барып кошулат.
Долбоордун алкагында учурдагы 27,2 чакырым жол оңдолуп, 56,8 чакырым жаңы тилке салынат. Ошондой эле 2 600–3 100 метр бийиктикте тоннель куруу каралган.
Буга чейин парламентте бул жаңы жол Бишкектен Ошко чейинки аралыкты 150 чакырымга кыскартары айтылган.