https://sputnik.kg/20261116/salyk-toloodon-kachuu-shema-700-mln-som-ukmk-1104931404.html
УКМК: 700 млн сом салыктан качкан схема аныкталып, шектүү камалды
УКМК: 700 млн сом салыктан качкан схема аныкталып, шектүү камалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоодо салык төлөөдөн качууга багытталган... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T19:20+0600
2026-11-16T19:20+0600
2026-11-16T19:20+0600
кыргызстан
укмк
еаэб
салык
мыйзам бузуулар
https://sputnik.kg/img/07e6/01/12/1061334343_4:0:3645:2048_1920x0_80_0_0_a395e72f4a310bbea785997f90bd1cce.jpg
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоодо салык төлөөдөн качууга багытталган кылмыштуу схеманы аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.Маалыматка караганда, кыргызстандык П.П.А. аттуу жаран ата мекендик экспорттоочулар үчүн башка адамдарга катталган ЖЧКлар аркылуу жалган коштомо документтерди даярдап келген. Ошондой эле ал фирмалардын ээлеринин жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү товар кабыл алуучу уюмдардын өкүлдөрүнүн кол тамгаларын жасалмалаган.Алдын ала эсеп боюнча, бул жасалма ЖЧКлардын мамлекетке төлөнбөй калган жалпы салык карызы 700 миллион сомдон ашат.Мындан тышкары, кылмыштуу схеманы ишке ашыруу үчүн компаниялар атайын оор дартка чалдыккан жарандардын атына катталып турганы белгилүү болду. Ал адамдар каза болгондон кийин салык карыздары эсептен чыгарылып же узакка созулган соттук териштирүүлөргө калып келген.Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү П.П.А. кармалып, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иштери уланууда.
https://sputnik.kg/20261116/zhalal-abadda-atkaminerler-karmaldy-1104916393.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/12/1061334343_459:0:3190:2048_1920x0_80_0_0_dadc33bdebb99267a28088905668fa10.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, еаэб, салык, мыйзам бузуулар
кыргызстан, укмк, еаэб, салык, мыйзам бузуулар
УКМК: 700 млн сом салыктан качкан схема аныкталып, шектүү камалды
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоодо салык төлөөдөн качууга багытталган кылмыштуу схеманы аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка караганда, кыргызстандык П.П.А. аттуу жаран ата мекендик экспорттоочулар үчүн башка адамдарга катталган ЖЧКлар аркылуу жалган коштомо документтерди даярдап келген. Ошондой эле ал фирмалардын ээлеринин жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү товар кабыл алуучу уюмдардын өкүлдөрүнүн кол тамгаларын жасалмалаган.
Алдын ала эсеп боюнча, бул жасалма ЖЧКлардын мамлекетке төлөнбөй калган жалпы салык карызы 700 миллион сомдон ашат.
Мындан тышкары, кылмыштуу схеманы ишке ашыруу үчүн компаниялар атайын оор дартка чалдыккан жарандардын атына катталып турганы белгилүү болду. Ал адамдар каза болгондон кийин салык карыздары эсептен чыгарылып же узакка созулган соттук териштирүүлөргө калып келген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү П.П.А. кармалып, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иштери уланууда.