https://sputnik.kg/20261115/osh-ort-kyz-olum-1104904646.html
Ошто үй өрттөнүп, үч кичинекей кыз каза болду
Ошто үй өрттөнүп, үч кичинекей кыз каза болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ош шаарында үй өрттөнүп, үч бир тууган каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 15.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-15T12:02+0600
2026-11-15T12:02+0600
2026-11-15T12:00+0600
кыргызстан
ош
өрт
өлүм
бала
өкм
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102812110_0:160:3075:1890_1920x0_80_0_0_f5257420edb0a745841ee7085587c101.jpg
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ош шаарында үй өрттөнүп, үч бир тууган каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.Билдирүүгө ылайык, 15-ноябрга караган түнү саат 04:42де Уста Абдухалил көчөсүндөгү №31 турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Туугандарынын айтымында, өрт болжол менен саат 04:00дөр чамасында башталган, бирок куткаруучуларга 40 мүнөттөн кийин гана кабар берилген.Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №12 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, жалын саат 05:20да чектөөгө алынган. Жыйынтыгында үйдөн 13, 10 жана сегиз жаштагы үч баланын сөөгү табылган.Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн келип чыгышына ашканадагы электр зымдары же үйдү жылытуучу электр жылыткыч себеп болушу мүмкүн.
https://sputnik.kg/20261112/batirde-gaz-zharyldy-1104860220.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102812110_173:0:2904:2048_1920x0_80_0_0_0b936e7738e5cfb38ea66125a0c268bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, өрт, өлүм, бала, өкм
кыргызстан, ош, өрт, өлүм, бала, өкм
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ош шаарында үй өрттөнүп, үч бир тууган каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 15-ноябрга караган түнү саат 04:42де Уста Абдухалил көчөсүндөгү №31 турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Туугандарынын айтымында, өрт болжол менен саат 04:00дөр чамасында башталган, бирок куткаруучуларга 40 мүнөттөн кийин гана кабар берилген.
Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №12 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, жалын саат 05:20да чектөөгө алынган. Жыйынтыгында үйдөн 13, 10 жана сегиз жаштагы үч баланын сөөгү табылган.
“Үйдүн ээси, 35 жаштагы эркек киши денесинин 60 пайызы күйүп ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн келип чыгышына ашканадагы электр зымдары же үйдү жылытуучу электр жылыткыч себеп болушу мүмкүн.