SpaceX компаниясынын Starship кемеси сыноодон кийин ийгиликтүү конду
13:11 15.11.2026 (Жаңыртылды: 13:37 15.11.2026)
Жазылуу
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Илон Маскка таандык SpaceX компаниясынын Starship кемеси кезектеги сыноону ийгиликтүү аяктап, жерге конду. Бул тууралуу түз эфирдеги көрсөтүүгө таянып РИА Новости жазды.
Кеме космосто дээрлик бир сутка болгон. Конуу учурунда атайын мунара аппаратты ката кетирбей, туура кармап кала алды.
Эске салсак, SpaceX Техастын түштүгүндөгү космодромдон Starship ракетасын 15-жолу сыноо иретинде учурган. Компаниянын башчысы Илон Маск бул сыноо учурунда ракеталык тутумдун эки бөлүгүн тең — Super Heavy тездеткичин жана Starship кемесин кайра учуу аянтчасына кайтаруу пландалганын билдирген.
Белгилей кетсек, Starship ракеталык тутуму толугу менен кайра колдонула турган аппарат катары иштелип чыгууда. Бийиктиги болжол менен 124 метрди түзүп, салмагы беш миң тоннага жетет. Ал 33 кыймылдаткычы бар Super Heavy тездеткичинен жана жогорку баскычтагы Starship кемесинен турат.