https://sputnik.kg/20261115/bishkek-zhol-tandabas-pompa-avariya-1104906133.html
Жол талашып... Бишкекте бетон үйлөгөн машина жолтандабасты басып калды
Жол талашып... Бишкекте бетон үйлөгөн машина жолтандабасты басып калды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте бетон үйлөгөн унаа жолтандабасты басып калды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти. 15.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-15T14:19+0600
2026-11-15T14:19+0600
2026-11-15T14:19+0600
кыргызстан
бишкек
унаа
жол тандабас
кырсык
https://sputnik.kg/img/103451/55/1034515595_1:0:3999:2249_1920x0_80_0_0_f658c583ad3ac459f2db766f05e58352.jpg
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте бетон үйлөгөн унаа жолтандабасты басып калды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 8.30дар чамасында Фрунзе жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, унаалар бири-бирине жол бербей, кагылышкан. Натыйжада помпа Toyota Highlander үлгүсүндөгү унааны бир топко чейин сүйрөп барып, капталына оодарылып басып калган. Кудай жалгап, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Эки транспорт каражаты тең убактылуу айып короого киргизилди. Учурда тиешелүү териштирүү иштери жүрүп жатат.
https://sputnik.kg/20261029/mas-aydoochu-ayaldamany-suzdu-1104585832.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103451/55/1034515595_500:0:3499:2249_1920x0_80_0_0_d2598b700dae4d1adbc911e9c1a264b4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, унаа, жол тандабас, кырсык
кыргызстан, бишкек, унаа, жол тандабас, кырсык
Жол талашып... Бишкекте бетон үйлөгөн машина жолтандабасты басып калды
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте бетон үйлөгөн унаа жолтандабасты басып калды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 8.30дар чамасында Фрунзе жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, унаалар бири-бирине жол бербей, кагылышкан. Натыйжада помпа Toyota Highlander үлгүсүндөгү унааны бир топко чейин сүйрөп барып, капталына оодарылып басып калган.
Кудай жалгап, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Эки транспорт каражаты тең убактылуу айып короого киргизилди. Учурда тиешелүү териштирүү иштери жүрүп жатат.