БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Жо Байден өзүнүн “Убадаңды бер, Америка" аттуу эскерүүлөр китебинде Украинанын лидери Владимир Зеленский тууралуу сын пикирин да камтыган. Бул тууралуу Newsweek басылмасы кабарлады.
Жазылгандарга караганда, Байден Зеленскийди “ашынган өжөр” деп сыпаттап, ошол кезде эле экөөнүн мамилеси кез-кезде чыңала калып турганын билдирген. Ошондой эле ал украин лидерин рахмат айтканды билбейт деп жазган.
Журналисттердин айтымында, Байдендин мындай баа беришине Зеленскийдин Вашингтондон кошумча курал-жарак жана каржылык жардамды тынымсыз талап кылып келгени себеп болгон.
Белгилей кетсек, Россия Украинага курал жеткирүү чатакты жөнгө салууга тоскоол болорун башынан эле айтып келет. Кремль Батыштын мындай кадамдары сүйлөшүүлөргө салым кошпой турганын жана терс натыйжа берерин бир нече жолу билдирген.