https://sputnik.kg/20261114/putin-tramp-zhana-si-tszinpin-19-noyabrda-zholugat-1104893953.html
Ак үй Путин, Трамп жана Си Цзиньпин 19-ноябрда жолугарын жар салды
Ак үй Путин, Трамп жана Си Цзиньпин 19-ноябрда жолугарын жар салды
Sputnik Кыргызстан
Шэньчжэнь шаарында Украина маселеси талкууланбайт, анткени Кытай бул темадагы сүйлөшүүлөргө катышпайт. 14.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-14T17:33+0600
2026-11-14T17:33+0600
2026-11-14T17:33+0600
дүйнөдө
акш
россия
кытай
саммит
владимир путин
дональд трамп
си цзиньпин
өзөктүк курал
геосаясат
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0d/1088675766_0:199:3072:1927_1920x0_80_0_0_298b4b3f95a4c52d04ed955d71262060.jpg
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин, Си Цзиньпин өзөктүк курал-жарактарды кыскартуу маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү Оливия Уэйлс журналисттерге билдиргенин CNN кабарлады. Жолугушуу бейшемби күнү, 19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүүчү Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы саммитинин алкагында болот. Үч өлкөнүн башчылары буга чейин мындай форматта жолуккан эмес. Ошондой эле Трамп Ирандагы согуш темасын да көтөрүү ниетинде. Маалыматта АКШнын администрациясы бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кандайдыр бир келишим болот деп күтпөгөндүгү айтылат. Америкалык аткаминерлердин бири бул тема Пекин үчүн татаал экенин айтып, бирок Кытайдын "олуттуу сүйлөшүүлөргө" кошула турган мезгили келгенин белгиледи. Трамптын Путин менен өзүнчө жолугушу пландалган эмес. Шэньчжэнь шаарында Украина маселеси талкууланбайт, анткени Кытай бул сүйлөшүүлөргө катышпайт. Уэйлстин айтымында, Кытайга Трамп менен бирге Илон Маск да барат, бирок ал РФ, Кытай лидерлери менен болчу жолугушууга кирбейт. 12-ноябрда Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков аталган саммитте Путин менен Трамптын жолугушуусу пландалып жатканын билдирген. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Си Цзиньпиндин катышуусундагы үч тараптуу жолугушуунун форматы каралып жатканын айткан эле. АКШ менен Россиянын ортосундагы өзөктүк курал боюнча акыркы келишимдин мөөнөтү февраль айында бүткөн.
https://sputnik.kg/20261027/kiyev-putin-tramp-zhana-si-tszinpindin-zholugaryn-ugup-talap-koydu--1104536709.html
акш
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0d/1088675766_165:0:2896:2048_1920x0_80_0_0_5891d028d560ea7543dc2fc4ad335926.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, кытай, саммит, владимир путин, дональд трамп, си цзиньпин, өзөктүк курал, геосаясат, сүйлөшүү
дүйнөдө, акш, россия, кытай, саммит, владимир путин, дональд трамп, си цзиньпин, өзөктүк курал, геосаясат, сүйлөшүү
Ак үй Путин, Трамп жана Си Цзиньпин 19-ноябрда жолугарын жар салды
Шэньчжэнь шаарында Украина маселеси талкууланбайт, анткени Кытай бул темадагы сүйлөшүүлөргө катышпайт.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин, Си Цзиньпин өзөктүк курал-жарактарды кыскартуу маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү Оливия Уэйлс журналисттерге билдиргенин
CNN кабарлады.
Жолугушуу бейшемби күнү, 19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүүчү Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы саммитинин алкагында болот. Үч өлкөнүн башчылары буга чейин мындай форматта жолуккан эмес. Ошондой эле Трамп Ирандагы согуш темасын да көтөрүү ниетинде.
Маалыматта АКШнын администрациясы бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кандайдыр бир келишим болот деп күтпөгөндүгү айтылат. Америкалык аткаминерлердин бири бул тема Пекин үчүн татаал экенин айтып, бирок Кытайдын "олуттуу сүйлөшүүлөргө" кошула турган мезгили келгенин белгиледи.
Трамптын Путин менен өзүнчө жолугушу пландалган эмес. Шэньчжэнь шаарында Украина маселеси талкууланбайт, анткени Кытай бул сүйлөшүүлөргө катышпайт. Уэйлстин айтымында, Кытайга Трамп менен бирге Илон Маск да барат, бирок ал РФ, Кытай лидерлери менен болчу жолугушууга кирбейт.
12-ноябрда Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков аталган саммитте Путин менен Трамптын жолугушуусу пландалып жатканын билдирген. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Си Цзиньпиндин катышуусундагы үч тараптуу жолугушуунун форматы каралып жатканын айткан эле. АКШ менен Россиянын ортосундагы өзөктүк курал боюнча акыркы келишимдин мөөнөтү февраль айында бүткөн.