https://sputnik.kg/20261114/amerikadagy-aba-kattamdardyndagy-koygoy-1-5-mln-adamga-taasir-etti-1104889749.html
Америкадагы аба каттамдардын кечигиши, токтотулушу 1,5 млн. адамга таасир этти
Америкадагы аба каттамдардын кечигиши, токтотулушу 1,5 млн. адамга таасир этти
Sputnik Кыргызстан
Америкадагы бул коллапс 11-сентябрь терактысынан берки АКШ тарыхындагы ушундай масштабдагы экинчи учур. Кечээ каттамдар кайра жандангандан кийин 8,5 миң каттам... 14.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-14T10:38+0600
2026-11-14T10:38+0600
2026-11-14T10:39+0600
дүйнөдө
акш
учак
каттам
авиация
мүчүлүштүк
түшүндүрмө
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0e/1104888950_0:321:3070:2048_1920x0_80_0_0_771bb815a2dfdceaf48226578b5acac8.jpg
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШда аба каттамдардын кечигиши жана токтотулушу 1,5 миллион жүргүнчүгө жол азабын тарттырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Учактарга чектөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:53төн 20:19га чейин, тагыраагы, төрт сааттан ашык убакытка созулган. Диспетчерлер учуп келген эл аралык каттамдардын ар бирин өзүнчө карап, кабыл алышкан. АКШнын транспорт министри Шон Даффинин айтымында, өлкө боюнча радар жана байланыш системаларында мүчүлүштүк чыккан. Саат 15:36да радарлар туура эмес маалымат бере баштаган, бирок байланыш толук үзүлгөн эмес. Cirium авиациялык аналитикалык компаниясынынмаалымат кызматы РИА Новостиге бул баш аламандык 1,5 миллион жүргүнчүгө таасирин тийгизгенин билдирген. Анын үстүнө Flightware порталынын маалыматы боюнча, каттамдар кайра жандангандан кийин 8,5 миң каттам кармалып, 6,7 миңден ашыгы токтотулган. Бул окуя 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдан бери АКШ тарыхындагы ушундай масштабдагы экинчи учур. Акыркы жолу FAA (Федералдык авиация администрациясы) ички каттамдарга 2023-жылдын январь айында тыюу салган эле, бирок чектөөлөр эки саатка да жетпеген убакытка созулган.
https://sputnik.kg/20250130/aksh-uchak-kiyroo-figurist-1091737038.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0e/1104888950_131:0:2862:2048_1920x0_80_0_0_5b7439f7715d4fd708481503652dff2d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, учак, каттам, авиация, мүчүлүштүк, түшүндүрмө
дүйнөдө, акш, учак, каттам, авиация, мүчүлүштүк, түшүндүрмө
Америкадагы аба каттамдардын кечигиши, токтотулушу 1,5 млн. адамга таасир этти
10:38 14.11.2026 (Жаңыртылды: 10:39 14.11.2026) Америкадагы бул коллапс 11-сентябрь терактысынан берки АКШ тарыхындагы ушундай масштабдагы экинчи учур. Кечээ каттамдар кайра жандангандан кийин 8,5 миң каттам кармалып, 6,7 миңден ашыгы токтотулган.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШда аба каттамдардын кечигиши жана токтотулушу 1,5 миллион жүргүнчүгө жол азабын тарттырды. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Учактарга чектөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:53төн 20:19га чейин, тагыраагы, төрт сааттан ашык убакытка созулган. Диспетчерлер учуп келген эл аралык каттамдардын ар бирин өзүнчө карап, кабыл алышкан.
АКШнын транспорт министри Шон Даффинин айтымында, өлкө боюнча радар жана байланыш системаларында мүчүлүштүк чыккан. Саат 15:36да радарлар туура эмес маалымат бере баштаган, бирок байланыш толук үзүлгөн эмес.
"Биздин аба траспортторун көзөмөлдөгөн системаларыбыз болуп көрбөгөндөй эскирген", — деген министр.
Cirium авиациялык аналитикалык компаниясынынмаалымат кызматы РИА Новостиге бул баш аламандык 1,5 миллион жүргүнчүгө таасирин тийгизгенин билдирген. Анын үстүнө Flightware порталынын маалыматы боюнча, каттамдар кайра жандангандан кийин 8,5 миң каттам кармалып, 6,7 миңден ашыгы токтотулган.
Бул окуя 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдан бери АКШ тарыхындагы ушундай масштабдагы экинчи учур. Акыркы жолу FAA (Федералдык авиация администрациясы) ички каттамдарга 2023-жылдын январь айында тыюу салган эле, бирок чектөөлөр эки саатка да жетпеген убакытка созулган.