https://sputnik.kg/20261113/yeaeb-organdaryna-toragalyk-kyluu-kyrgyzstanga-kanday-mumkunchuluktordu-achat-1104878719.html
2027-жылы ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуу Кыргызстанга кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет
2027-жылы ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуу Кыргызстанга кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстан 2027-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) төрагалык кылуу учурунда уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы соода... 13.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-13T13:45+0600
2026-11-13T13:45+0600
2026-11-13T13:45+0600
маалымат борбор
кыргызстан
еаэб
соода
кызматташуу
ишкер
тоскоолдук
данил ибраев
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1a/1091100320_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_116c275f5a3f190b67d790a4e0154394.jpg
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстан 2027-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) төрагалык кылуу учурунда уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы соода тоскоолдуктарын жоюу маселесин күн тартибине чыгарууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин маалымат борборунда ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, төрагалык кылган өлкө биримдиктин күн тартибин түзүүгө жана жыйындарды алып барууга катышат. Бул Кыргызстанга ишкерлер үчүн маанилүү болгон маселелерди ыкчам көтөрүүгө шарт түзөт. Ибраев белгилегендей, учурда ЕАЭБ өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн 20–30 пайызын гана пайдаланып жатат. Кыргызстандын товарлары башка мүчө өлкөлөрдүн базарларына чыгарда кошумча текшерүүлөргө туш болуп, биримдиктин бирдиктүү реестриндеги сертификаттарга да ишенбөөчүлүк жаралууда. Ал Кыргызстан төрагалык кылган жылы соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштер күчөп, майнап жакшы болоруна ишеним артты.
https://sputnik.kg/20261112/yeaeb-dokument-elektronduk-format-1104857273.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1a/1091100320_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_1b11159374986768824e37cdfc79fbc3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еаэб, соода, кызматташуу, ишкер, тоскоолдук, данил ибраев
кыргызстан, еаэб, соода, кызматташуу, ишкер, тоскоолдук, данил ибраев
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстан 2027-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) төрагалык кылуу учурунда уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы соода тоскоолдуктарын жоюу маселесин күн тартибине чыгарууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин маалымат борборунда ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү Данил Ибраев билдирди.
Анын айтымында, төрагалык кылган өлкө биримдиктин күн тартибин түзүүгө жана жыйындарды алып барууга катышат. Бул Кыргызстанга ишкерлер үчүн маанилүү болгон маселелерди ыкчам көтөрүүгө шарт түзөт.
Ибраев белгилегендей, учурда ЕАЭБ өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн 20–30 пайызын гана пайдаланып жатат. Кыргызстандын товарлары башка мүчө өлкөлөрдүн базарларына чыгарда кошумча текшерүүлөргө туш болуп, биримдиктин бирдиктүү реестриндеги сертификаттарга да ишенбөөчүлүк жаралууда.
"Биз ар дайым бардык тоскоолдуктарды жоюуга чакырып келебиз. Президентибиз бул маселени ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештерине жеткире аларын көрсөттү. Анын бардык демилгелери дайыма колдоо таап келген", — деди Ибраев.
Ал Кыргызстан төрагалык кылган жылы соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштер күчөп, майнап жакшы болоруна ишеним артты.